Орок конушунда фельдшердик-акушердик пунктту (ФАП) оңдоо иштери уланууда, ал реструктуризациялангандан кийин №2 ҮМБнын курамына №3 түзүмдүк бөлүм болуп кирген. Ленин районунун акими Мураталы Тагаев мекеменин абалы менен таанышты.

Көчмө жыйындын  жүрүшүндө «Линсар» ЖЧКсынын подряддык уюмунун директору Кубат Абыкеев жана Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөлү район башчысына Орок конушундагы фельдшердик-акушердик пунктта (ФАП) аткарылган оңдоо иштери тууралуу маалымат беришти.

Жыйынтыгында  район башчысы тиешелүү кызматтарга имараттын фасадын оңдоо жана көрктөндүрүү иштерин бүтүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Бүгүнкү күндө ФАПтын имаратынын ички жасалгалоо иштери бүткөрүлдү. Орок конушунда 1200дөн ашык адам жашайт, анын ичинен: 1 жашка чейинки балдар – 20, 0 жаштан 14 жашка чейинкилер – 305.