Райондордун акимдери Баатыр энелерди Энелер күнү менен куттукташты. Аларга бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү.

Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов төмөнкү баатыр энелерге барып куттуктады:

- 11 баланы, 5 уул, 6 кызды тарбиялаган Байдавлетова Маржанбү, 1932-жылы туулган, Баатыр эне ордени менен сыйланган;
- Чунгулова Токтобүбү Саматовна, 1966-жылы туулган, 7 бала, 5 уул, 2 кызды тарбиялап өстүргөн, Баатыр эне ордени менен сыйланган;
- 1977-жылы туулган Темирканова Гүлбарчын Орозобековна 7 бала, 1 уул, 6 кызды тарбиялап, Баатыр эне орденинин ээси.

Жалпысынан райондук  социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 252 көп балалуу эне турат, анын ичинен 166сы «Баатыр эне» ордени, 83ү «Эне даңкы» медалдары менен сыйланган, аларга бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

Баатыр энелерди Свердлов районунун акимиатынын жетекчилиги да куттуктады.

Жалпысынан Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 217 көп балалуу эне  катталган,  анын ичинде:
- «Баатыр эне» (7 жана андан көп баласы бар) - 147;
- «Эне даңкы» (6 балалуу) — 70.

Ленин районунун акими Мураталы Тагаев да Баатыр энелерди куттуктады:
- 9 баланы, 5 уул, 4 кызды тарбиялап өстүргөн Ындыгараева Апал, 1955-жылы туулган, Баатыр эне ордени менен сыйланган;
- 10 бала, 4 уул, 6 кызды тарбиялап өстүргөн Амираева Миргүл Пазыловна, 1981-жылы туулган, Баатыр эне ордени менен сыйланган;
- 7 баланы, 4 уул, 3 кызды тарбиялап өстүргөн 1993-жылы туулган Майрамбек кызы Наргиза Баатыр эне ордени менен сыйланган.

Жалпысынан райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 224 көп балалуу эне болсо, алардын 153ү Баатыр эне ордени, 71и “Эне даңкы” медалдары менен сыйланып, аларга бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

Октябрь районунун акими  Жаныбек Орозалиев жана орун басары Чынар Жаныкеева көп балалуу энелерди зыярат кылып, гүл, азык-түлүк куржундарын тапшырып, акчалай жардам көрсөтүштү.
- Молдогазиева Уулбүбү, 1945-жылы туулган, 7 бала, кыз, 1 уулду тарбиялаган, Баатыр эне ордени менен сыйланган;
- 8 бала, 5 уул, 3 кызды тарбиялап жаткан Сулайманова Айнура 1982-жылы туулган, Баатыр эне ордени менен сыйланган;
- Кайыкова Тахмина, 1986-жылы туулган, 8 бала, 7 кыз, 1 уулду тарбиялап жатат, Баатыр эне ордени менен сыйланган;
- 1977-жылы туулган Абытова Гүлбарчын 7 бала, 2 уул, 5 кызды тарбиялап жатат, Баатыр эне ордени менен сыйланган.
- 1983-жылы туулган Мумежанова Екатерина 6 баланы тарбиялап жатат, 5 уул, 1 кыз «Эне даңка» ордени менен сыйланган.

Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда жалпысынан 149 көп балалуу эне бар, анын ичинен 85 бала «Баатыр эне» ордени, 59у «Эне даңкы» медалы менен сыйланган. Аларга бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү.

«Баатыр-Эне» ордени менен сыйланган көп балалуу энелерге жана «Эне-Даңкы» медалы менен сыйланган энелерге 1000 сомдон жалпы суммасы 217,0 миң сомдук бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт. Төлөмдөр почта бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт.