Укук белгилөөчү документтердин жетишсиздиги көйгөйүн бүгүн “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жыйындар залында шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Нурдан Орунтаев, шаардык кызматтар, ошондой эле тургундардын өздөрү талкуулашты.

Жашоочулардын атынан өкүл көп жылдардан бери жер тилкелерине кызыл китеп ала албай жатышканын билдирди. Анын айтымында, жашоочулардын айрымдарынын мыйзамдуу документтери бар, калгандарынын документтери жок.

Жыйындын соңунда 1-июнга чейин «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинде жана Кадастр мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалында болгон архивдик иш кагаздарын  көтөрүү, ошондой эле инвентаризациялоо чечими кабыл алынды.