Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги муниципалдык ишканасы -  сөөк коюу кызматтарын, ошондой эле көрүстөндөрдү кармоо жана көрктөндүрүү менен байланышкан кызматтарды көрсөткөн Бишкек шаарындагы жалгыз муниципалдык ишкана.

Ишкана  калкка аза кызматтарынын толук комплексин көрсөтөт

Кызматтардын кепилденген тизмеси (христиан аянты):
— Сөөк коюу үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө;
— Табыт (гроб) жана башка аза буюмдарын берүү;
— Табытты жана көмүү үчүн зарыл болгон башка буюмдарды дарегине жеткирүү;
— Маркумдун сөөгүн көрүстөнгө ташуу;
— Сөөк коюу;
— Ошондой эле башка кызматтар.

Сөөк коюу боюнча кызматтар:
— Механикалык жана кол менен мүрзө казуу, экинчи орунду ээлөө  мүмкүнчүлүгү;
— Маркумду ташуу үчүн автокатафалк (ПАЗ, Кадиллак, Мерседес-Бенц Виано , Мерседес-Бенц Спринтер) берүү;
— Мүрзө дөбөчөсүн түзүү жана белгини орнотуу менен көмүү;
— Ошондой эле башка кызматтар.

Кызматтардын кепилденген тизмеси (мусулман аянты):
— Сөөк коюу үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө;
— Кепин жана башка аза буюмдарын берүү;
— Табытты жана улуттук боз үйдү убактылуу пайдаланууга берүү;
— Боз үй, титан, казан, отургуч, сөөк жууй турган отургучту жана башка сөөк коюуга керектелүүчү буюмдарды жеткирүү;
— Маркумдун сөөгүн көрүстөнгө ташуу;
— Сөөк коюу;
— Белгини жана эстеликти жеткирүү жана орнотуу;
— Ошондой эле башка кызматтар.

Товарлардын төмөнкү түрлөрү бар:
- Гүлчамбарлар жана себеттер;
- Табыттар;
- Белгилер, тосмолор, мамылар;
- Чатыр;
- Улуттук боз үйлөр;
- Отургучтар;
- жана көптөгөн башка түрлөрү.

Азага керектүү товарлардын толук түрү менен Орозбеков көчөсү, 344 “А” (эски толчок) жайгашкан дүкөндөн жана Суеркулов көчөсү, 3 дарегинде жайгашкан (шаардык өлүккананын жанындагы) күркөдөн таанышсаңыз болот.

Шаардын чегинде маркумду ташуу үчүн автокатафалктар менен (сыйымдуулугу жетиден жыйырмага чейин отура турган орундуу) менен камсыз кылат.

Атайын даярдалган техникалар колдонулат:

-“Мерседес-Бенц”, адистештирилген автобус (катафалк), адистештирилген машина “Кадиллак”, адистештирилген машина “Мерседес-Бенц” Спринтер, адистештирилген машина “Мерседес-Бенц Виано”, ошондой эле транспорт каражаттарынын башка түрлөрү.
-Көмүү үчүн орундар (көрүстөндөн участок) – бекер (акысыз).
- Мүрзө казуу, көмүүгө орун даярдоо – 9800 сомдон баштап;
- адистештирилген машиналарга транспорт чыгымдары – 1000 сомдон баштап;
- Боз үйдү убактылуу пайдаланууга берүү (прокат) – 760 сомдон баштап;
- Табыттардын баалары – 5600 сомдон баштап.

Бул жерде ишкана тарабынан көрсөтүлүүчү аза кызматтарынын баалары сөөк коюу кызматтарынын тизмесине ылайык берилди.

Агенттик төмөнкү дарек боюнча жайгашкан: Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 344 “А”.

Толук маалыматты +996 (312) 37 03 86, +996 (558) 80 10 10,  +996 (508) 83 10 10, башкы инженер: +996 (558) 78 77 78  телефондору боюнча жана http://baru.kg сайтынан алсаңыздар болот.