И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде акындар Жоомарт Бөкөнбаев менен Тенти Адышеванын чыгармачылыгына арналган “Белгилүү акындардын өчпөс изи” аттуу поэзия кечеси өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук каада-салт жөнүндө” Жарлыгына ылайык өткөрүлгөн иш-чаранын алкагында улуттук маданиятты өнүктүрүү, материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу, элдик оозеки чыгармачылыкты мындан ары да жайылтуу үчүн Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева сыйлыктарды тапшырды.

Акимияттын Ардак грамотасы төмөнкүлөргө тапшырылды:

- Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Дюшамбиев Айгүл Осмоновнага;
- Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ага окутуучусу Таштемирова Райхан Исмаиловнага.

Конокторго акындардын басып өткөн жолу, кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу айтылып, театралдаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлүп, акындардын чыгармаларынан саптар окулду, ошондой эле журналист Рахат Жуманазарованын «Талант сыры» даректүү тасмасы тартууланды.