Каракол шаарындагы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Бердибек Мамбеталиев менен  директордун орун басары Тариэл Токолов Бишкекке келишти.

Кесиптештерди мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев тосуп алды.

Жыйында көрктөндүрүү, санитардык тазалоо боюнча көйгөйлүү маселелер талкууланып, Жыргалбек Шамыралиев  жаңы типтеги жер астындагы таштанды челектердин тажрыйбасы менен бөлүштү.

Андан соң кесиптештерибизге борбордогу «Тазалык» ишканасынын директору Рамиз Алиев ишкананын иш процесси менен тааныштырды.