Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери менен «Ар кандай өзгөчө кырдаалдарда коопсуздук эрежелери жана калкты эвакуациялоо» деген темада практикалык сабак өттү.
Кызматкерлерге коопсуз жүрүм-турум эрежелери, эвакуациялоо жолу, ошондой эле атайын түзүлгөн сценарий боюнча ар кандай кырсыктарда өрт өчүргүчтөрдү колдонуу үйрөтүлдү.