Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков өз жанын кыюуга аракет кылган кызды куткарып калган милиция кызматкерлерин эрдиги үчүн акимчиликтин Ардак грамоталары менен сыйлады:

- Нурбеков Бектурсун Нурбекович - Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн опер кызматкери;
- Турсунбеков Мирлан Шайырбекович - Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн опер кызматкери;
- Текесбаев Алымбек Шаршенович - Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнүн ыкчам нөөмөтчүсү.            

Эске салсак, 15-майда милицияга белгисиз аялдан дареги такталбаган көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 2004-жылы туулган кызы өз жанын кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн, аял кызынын сүрөтүн жөнөткөн. Келгенден кийин 6-кабаттан асынып турган кыз табылган. Буга Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери дароо чара көрүп, кызды сактап калышкан.