“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Фучик көчөсүндөгү тосмолордун сырларын жаңырттууда.

Жумуштар Жибек Жолу проспектисинен Мессароша көчөсүнө чейинки аралыкта жүргүзүлүүдө. Буга чейин Жибек Жолу проспектисинен Профсоюз көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жумуштар аткарылып бүттү.

Ошондой эле, Жибек Жолу проспектисинде Чимкент  көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейин,  батыш автобекетинин алдындагы тосмолорду сырдоо иштери аяктады.

Чыгыш автобекетинин алдында,  Жибек Жолу проспектисинде  Осмонкул көчөсүнөн май куюучу жайга чейинки тосмолорунун сырларын жаңылоо иштери да бүткөрүлдү.