Санариптештирүүнүн алкагында Биринчи май районунун акимчилигинде жумушчу жыйын өттү.

Аппарат жетекчиси Медет Кубатбеков Кыргызстандын Улуттук электр тармактар ишканасынын (МТЭБ) филиалы – Бишкек электр тармактар ишканасынын өкүлдөрү менен бирге “Мой свет” тиркемесин колдонуучулардын санын көбөйтүү маселелерин талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө бул тиркеме буга чейин Мурас-Ордо конушунда пилоттук долбоор катары иштеп жатканы айтылды.

Ошондой эле, бул көп учурда абоненттерге жетпей калган же жоголуп кеткен кагаз дүмүрчөктөрүн пайдаланууну бир топ кыскартат.

Белгилей кетсек, тиркемени орнотуу үчүн Биринчи май районунун МАБдары аркылуу Бишкек электр тармактар ишканасы (НЭСК)  менен келишим түзүү керек,  муну менен абонент электрондук эсеп-дүмүрчөктү алууга макулдук берилет,  андан кийин колдонуучу өз алдынча телеграм каналы аркылуу эсепти текшере алат жана төлөм жүргүзө алат.

Телефонуңузга пайдалуу программаны Play Market жана AppStore аркылуу жүктөй аласыз.

Тиркеме электр энергиясын керектөөчүлөргө болгон бересеси тууралуу ыкчам маалымдайт жана өз убагында төлөнбөгөн учурда бул тууралуу абонентке күн сайын эскертип турат.

Тиркеме  оңдоо иштеринин жүргүзүлүп жаткан учурда өчүрүлгөн аймактардын тизмесин, акы төлөнүүчү кызматтар үчүн калькуляторду, жаңылыктарды жана башкаларды көрсөтөт.