“Газпром Кыргызстан” мектебинде мэрдин орун басары Мурат Осмоновдун катышуусунда «Тыгынсыз Бишкек. Жол тыгындарын чечүүнүн жолдору» долбоорунун бет ачары өттү.
Долбоорду 9-класстын окуучулары Дарья Лавренова жана Дарина Исакжанова иштеп чыгышкан.
Авторлордун идеясын чагылдыруу үчүн А.Абдырахманов көчөсү менен Горький көчөсүнүн кесилишинде тыгынды азайтуу боюнча жаңы чечимдер сунушталган макет даярдалган.
Долбоордун максаты - Бишкек шаарындагы жол тыгындарынын себептерин салыштырып талдоо жана изилдөө, ошондой эле бул көйгөйдү чечүүнүн жаңы жолдорун сунуштоо.
Төмөнкү сунуштар берилди:
- Шаардын инфраструктурасын жакшыртуунун жаңы жолдорун моделдөө, жол тыгынынын айдоочулардын стресстик шарттарына тийгизген таасирин, кырсыктардын санын изилдөө;
- Шаардын айлана-чөйрөсүнүн экологиясын жакшыртуу.
- Жолдун тандалган участогунда автотранспорт тармагын реконструкциялоо.
- Байтик Баатыр көчөсүндө транспорт каражаттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу.
- Бул аймакта жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз кыймылын түзүү.