Борбор калаанын мэриясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте социалдык жана экологиялык тобокелдиктерди жана кесепеттерди жоюу чараларын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) тарабынан каржыланган «Бишкек шаарынын абасынын сапатын жакшыртуу» долбоорунун концепциясын иштеп чыгуу  этаптарын талкуулоо үчүн ачык жыйын формасында коомдук кеңешмелерди өткөрүүдө.

Өткөрүлчү жери: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жыйындар залы
Консультациялар 2023-жылдын 26-майында саат 11:00дө өтөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыз: 0705 139782; 0555 562000.