Балдарды коргоонун Эл аралык күнүн утурлай Бишкекте рекорддук сандагы катышуучулардын саны – 2 жаштан 16 жашка чейинки 1700 бала катышкан «Shoro Tay Kūlūk Kids Run»  массалык балдар чуркоосу өтөт.

Балдардын жарышы 21-майда Эски аянтта саат 8:00дөн 13:00гө чейин болот.

Жарыштын максаты - балдарды спортко тартуу, сергек жашоо образын жүргүзүү, ошондой эле инклюзивдүүлүккө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коомго аралашуусуна колдоо көрсөтүү. Балдардын жарышына 80ге жакын ар кандай майыптыгы бар балдар катышат.

Жарыштын жүрүшүндө катышуучулар жаш категориялары жана аралыктары боюнча бөлүнөт, тактап айтканда: 2-5 жаштагы балдар 300 метр аралыкка чуркашат; 6-8 жашка чейинки балдар - 500 метр; 8-12 жаштагы балдар - 1 километр; ал эми 13—16 жаштагы балдар — 3 километр. Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, иш-чара өтүүчү жерде тез жардам кызматы нөөмөттө болот.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары жана коноктору үчүн бардык шарттары бар чоң старт шаарчасы болот. Таң эртеден баштап бийчилердин жана  белгилүү аткаруучулардын катышуусунда жаркын шоу-программа уюштурулат.

Балдарды аниматорлор супербаатырлардын кийимин кийип, конокторго өнөктөштөр тарабынан тамак-аш жана суусундуктар тартууланат. Мындан тышкары, ар бир катышуучу старттык номерди камтыган рюкзактарды, жарыштын өнөктөштөрүнөн белектерди, ошондой эле марага старт алган күнү эстелик медалды алат.

Өткөн жылы бул чуркоо “Ынтымак-1” сейил багында өткөрүлүп, ага ар кандай курактагы 1000 бала катышкан.

Байланышчу адам: Кабылбек кызы Зина (0550117784).
Маалымдама: Катышуучулардын саны ашып кеткендигине байланыштуу жарышка каттоо аяктады. Күтүлгөн 1500 баланын ордуна 1700 жаш жөө күлүк жарышка катталды. Бирок, бала жарыштын катышуучусу болобу же жокпу, бардыгы үчүн иш-чарага кирүү ачык, анын жүрүшүндө сиз артисттердин өнөрүн көрүп, уюштуруучулардын жана өнөктөштөрдүн оюн-зоок программасына катыша аласыз.

Балдардын «Shoro Tay Kūlūk Kids Run» тууралуу кененирээк маалыматты @tonuskg (Instagram) социалдык тармактарындагы баракчаларынан, www.tonus.kg сайтынан же 0501 909 309, 0555 909 309 телефондору аркылуу биле аласыздар.