Муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелери боюнча мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев Биринчи май районун администрациянын башчысы Максатбек Сазыкулов жана Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев менен бирге Биринчи май районун кыдырды.
Акимиатка жана Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына өз билемдик орнотулган объектилерди, тосмолорду аныктоо жана демонтаждоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Жеринде унаа токтотуучу жайдагы  чектөө чынжыры  жана жарнамалык штендер алынды.
Ошондой эле "Сары-Өзөн" базарына барышты, ал жерде Н.Орунтаевдин демилгелүү өтүнүчү боюнча базардын администрациясы оңдоо иштерин жүргүздү. Жолдон базардын өзүнө чейин баруучу аймакка өз каражаттарынын эсебинен асфальт төшөлүп, тротуар жасалды.

Келечекте бул жерге отургучтарды, бак-дарактарды отургузуу пландалууда. Бишкек шаарынын мэриясы "Сары-Өзөн" базарынын администрациясына кызматташтыгы жана аткарган иши үчүн чоң ыраазычылык билдирет.
Мындан тышкары, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына Клуб көчөсүндө жайгашкан үч жеңилдетилген типтеги объекттерди демонтаждоо тапшырмасын берди.