Аталган конференция педогогикалык коомчулукту жана өсүп келе жаткан муунду Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын, адабиятты жана тарыхый-маданиятты үйрөтүү, сактоо максатында өткөрүлдү.


Конференциянын ачылышы Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр менен башталды. Ошондой эле «Сенин биринчи китебиң» Россиянын интерактивдүү сынагынын жеңүүчүсү, №64 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучусу Турдубеков Эрмек өзү чыгарган «Айтматов менен сүйлөшүү» ырын окуду.


Видео-көпүрө жергиликтүү саат боюнча 13:00дон 16:00го чейин өткөрүлдү. Конференциянын программасында калаанын  №33, 63, 64 мектептеринин окуучуларынын илимий иштери, ошондой эле Ч.Айтматов атындагы №63 мектеп-гимназиясынын жамааты тарабынан иштелип чыккан Айтматовдун өмүр баяны боюнча чыгармачылык-издөө иштери көрсөтүлдү.