“Бишкек суу чарба” муниципалдык ишканасы 6-кичирайонго Б2-2 үлгүдөгү сугат темир-бетон ирригациялык  лотокторду орнотууда.

Бул лотоктор секундуна 35-40 литр суу өткөрүүгө жөндөмдүү. Бул өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн аркасында жашыл аянттар сугат суусу менен камсыздалат.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 17 даана 51 погондук метр темир-бетон лотоктору орнотулду. Жалпысынан  333  погондук метр  темир-бетон лотоктору орнотуу пландалууда.

Урматтуу шаар тургундары! Магистралдык каналдарга жана коллектордук-дренаждык түйүндөрдөргө таштанды таштабоону жана ошондой эле шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.