«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Тыналиев көчөсүнө гүл фонтандарын орнотушту.
Жашылдандыруучулар 368 атайын идишке бир жылдык гүлдөрдү отургузуп, жол боюна илип чыгышты.
Азыр ал жерде сальвия, петуния, агератум жана башка бир жылдык гүлдөр гүлдөп жатат.
Эске салсак, былтыр Ахунбаев көчөсүнөн Болот Миңжилкиев көчөсүнө чейинки аралыкка көк майсан себилген.