10 жаштагы Амира Бекбалаева Бишкек шаарынын  мэриясынын Чоң симфониялык оркестринин коштоосунда Урмат Тентимишовдун жетекчилигинде жеке программа менен ырдайт.

Ал эң татаал опералык арияларды, классикалык кроссоверди, романстарды жана ырларды аткарат.

Программа 2 жылдан бери даярдалууда. Ажайып концертте республикабыздын белгилүү опера ырчылары мейманда болушат.

Сиздерди 28-май, жекшемби күнү “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда күтөбүз. Саат 15:00дө башталат.
Толук маалымат: 0555-51-00-70.