Жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо жана аскерге чакырууга чейинки даярдоо максатында Чүй областынын Сарыжон айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн окуу борборунда спорттун аскердик - прикладдык түрлөрү боюнча «Мекен чеги» райондук спартакиадасы өтүүдө.
Райондук этапка Ленин районунан №79, 80, 50, 84, 58, 13, 55, 77, 68 мектептерден 10 команда жана 110дон ашык окуучулар катышууда.
Окуучуларды балдар иштери боюнча инспекторлор, ИИМдин кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери жана мугалимдер коштоп жүрөт.
Спартакиадада төмөнкүдөй тапшырмалар аткарылат:
- катарга тизилүү;
- тилкелерге тартылуу;
- чуркоо (60м., 3000м.);
- АКМди чачуу, чогултуу;
- гранатаны алыска ыргытуу;
- тоскоолдуктардан өтүү.
Маалымдама: Конкурс Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жана “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” Жарлыктарын ишке ашыруу максатында, Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын №10-т токтомунун негизинде өткөрүлдү.