Ленин районунун  №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого  даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча  штаб өттү.

Кезектеги штабга Ленин райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Конуров, райондук, шаардык кызматтардын жооптуу кызматкерлери, райондук МАБ  жетекчилери катышты.

Жыйында шайлоо участкаларынын материалдык-техникалык камсыздоо, шайлоо күнү УШКнын мүчөлөрүн ташуу, коомдук тартипти жана автоматташтырылган башкаруу системасынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле шайлоого кийлигишүүгө жол бербөө маселелери талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында УШКларда материалдык-техникалык камсыздоону тездетүү, шайлоо күнүнө карата транспорт бөлүү жана кызматкерлер арасында шайлоого кийлигишпөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Урматтуу шаар тургундары, белгилей кетсек, Ленин районунун  бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.