Бишкекте ден соолук акциясы өтөт.

- 22-майдан 26-майга чейин Ош базарында акция өткөрүлөт;
- 29-майдан 31-майга чейин “Дордой-Дыйкан” соода борборунда;
- 1-июндан 5-июнга чейин Сары-Өзөн соода борборунда.

Акция ооруларды эрте аныктоо, дарылоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында өткөрүлөт.  Саламаттыкты сактоо министрлигинин кан менен байланыштуу вирустук гепатит жана ВИЧке каршы күрөшүү боюнча республикалык борбору акысыз акция уюштурат.

Каалоочулар ВИЧ, ВГВ, ВГС оорулары боюнча  дарыгерлерден  кеңеш ала алышат.