11-майдан 13-майга чейин Ташкентте (Өзбекстан) өткөн I эл аралык “Damli sozlar navosi” конкурс-фестивалында Бишкек шаарынын мэриясынын үйлөмө аспаптар оркестри жеңүүчү болду.

Оркестрге «Эң мыкты оркестр» деген наам берилди.

Сынакка Борбор Азиянын 23 оркестри катышты.

Үйлөмө аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси – КР Эл артисти – Шаршенбаев Элис Шаршенбаевич, башкы дирижёру – Азамат Кулубеков.

Борбор калаанын мэриясы үйлөмө аспаптар оркестрин  татыктуу жеңиши менен куттуктайт жана мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалайт!