“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Ахунбаев көчөсүндөгү тротуарды оңдоп жатат.
Иштер  Жукеев- Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейинки жөө адамдар өтүүчү жолдун
түштүк тарабында жургүзүлүүдө. Буга чейин ишкананын кызматкерлери  1 250 погондук метрдеги
эски асфальтын сыйрып, ирригация системасын жана тротуарлар  бордюрларын орноткон.
Ошондой эле, Гоголь көчөсүндө Фрунзе көчөсүнөн  Жумабек көчөсүнө  чейинки жөө адамдар
өтүүчү жолдун батыш тарабындагы тротуар да реконструкцияланууда. Эски асфальтты сыйруу иштери бүттү,
бетон плиталары демонтаждалды. Учурда тротуарга тосмо таштарды орнотуу иштери жүрүп жатат.