Коомдук транспорттордун аялдамаларында токтотуу эрежелерин сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Биринчи май районунун аймагында «Автокошуун» отряды ишин улантууда.
Бул жолу аталган кошуун жол коопсуздук кызматы жана МАБ менен биргеликте М.Ганди көчөсүнөн баштап Батыш авто бекетин жана Жибек-Жолу проспектисинде Кулиев көчөсүнө чейин рейд жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар аралык таксисттерге карата жалпы 15 миң сомду түзгөн 5 протокол түзүлдү.
Мындан тышкары батыш автобекетинин өкүлдөрү менен биргеликте айдоочуларга башаламан токтотпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, бардык таксисттерге Батыш автобекетинин аймагынан ыңгайлуу шарты жана унаа токтотуучу жайдын минималдуу акысы бар альтернативалык орун сунушталды.