№79 жана №50 мектептеринин 40 окуучусу «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын №2 күнөсканасына барышты.

Окуучуларды күнөскананын жетекчиси Акматова М.С. тосуп алып, ишкананын ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Экскурсиянын максаты – балдарды күнөсканада иштеген адамдардын иштери менен тааныштыруу болгон.

Күнөскана  кандай жол менен уюштурулганын, анда кандай өсүмдүктөр  өсүп жатканын, механизаторлордун ролун, механизаторлор, агрономдор, бригадирлер жана башка кызматкерлер эмне иш аткарарын көрсөтүү, ошондой эле мектеп окуучуларын турак-жай-коммуналдык чарбада иштеген адамдардын эмгегине кызыгууга жана урматтоого тарбиялоо болуп саналат.

Балдарга Бишкек шаарында алгачкы күнөсканалардын түзүлүү тарыхы, көчөттөрдү жана гүлдөрдүн алгачкы отургузулганы тууралуу айтып беришти, ошондой эле №2 күнөскана чарбасынын эмгек жамааты менен таанышты.