Азыркы учурда багбандар атайын курт-кумурскаларды жыт менен тартып алган феромондук тузактарды орнотушту.
Курт-кумурскаларда феромондор байланыш үчүн колдонулат. Ар кандай курт-кумурскаларда феромон өзүнүн химиялык курамына ээ.
Мындай тузактардын дагы бир артыкчылыгы - алардын экологиялык тазалыгы жана коопсуздугу.
Алар адамдарга, жаныбарларга, жада калса пайдалуу курт-кумурскаларга да зыян келтирбейт.
Учурда ишкананын адистери жана агрономдору төмөнкү даректерге феромондук тузактарды орнотууну баштады: Шабдан-Баатыр, Байтик-Баатыр көчөлөрү, Эмен паркы, Жаштар аллеясы ж.б.
Урматтуу шаардыктар, «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы шаардын жашыл аянтчаларына кайдыгер карабаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирет жана бардык кызыктырган суроолор боюнча 37-53-30 номуруна кайрылууңуздарды өтүнөт.