Көрктөндүрүү  эрежелеринин сакталышы  боюнча  муниципалдык инспекция көзөмөлдү күчөтөт. Рейддерди жүргүзүп мыйзам бузууларды аныктайт.

Шаар тургундарынан Панфилов көчөсү №96 дарегинде бак кыйылып жатат деген билдирүү түшкөн. Айтылган дарекке Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясынын башчысы Медербек Амангелдиев барып, мыйзам бузуу фактысын аныктаган.

Н. Ниязматов аттуу жаранга муниципалдык аймактагы жашыл аянтчаларга зыян келтиргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлдү. Аталган жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. 

Жеринде 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, бул факты боюнча  «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы тарабынан алмаштыруу наркынын ордун толтуруу боюнча акт түзүлдү.

Урматтуу шаар тургундары! Бак-дарактарга жана башка жашыл аймактарга аяр мамиле жасоону суранабыз.