Ден-Сяопин проспектисинде "Дордой-Моторс" базарынын жанында демонтаждалган эки кабаттуу имараттын ордунда оңдоо иштери жүрүп жатат.

Мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев Ленин районунун акими Мурат Тагаев менен биргеликте базардын өкүлү менен жолугушту.

Жолугушууда аймакты жакшыртуу боюнча маселелерди талкуулашты. Базар өкүлү өз каражаттарынын эсебинен кандай иштер аткарыларын айтып берди.

Мурда жок болгон тротуар салуу иштери аяктап калды.

Эске салсак, ушул жылдын март айында Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте Дэн-Сяопин проспектиси менен Патрис Лумумба көчөсүнүн кесилишиндеги жалпы аянты 326,7 чарчы метр эки кабаттуу өз алдынча курулган имаратты бузушкан