Таң эртеден Ленин районуна Киргизия-1 каналынан Ч.Айтматов проспектисине 120 л/с, Адинай паркына 100 л/с, Ынтымак, Ынтымак 2 паркына 200 л/с жана Дайыр Асанов атындагы паркына 100 л/с берилүүдө.
Белгилей кетсек жашыл аянттарга суу тоскоолдуксуз жетүү үчүн «Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери негизги каналдарды үзгүлтүксүз тазалоодо.
Урматтуу шаар тургундары! Негизги каналдарды жана коллектордук-дренаждык тармактарды таштандыга толтурбоону, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.