Бишкек мэриясынын шаардык кызматтары менен биргеликте Свердлов акимиаты Курманжан Датка көчөсүн бойлой муниципалдык объектилерге инвентаризациялоо жүргүзүүдө.

Жыйынтыгында Курманжан Датка көчөсүн бойлой жайгашкан чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилерине мындан ары чек араларды аныктоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына беш жумушчу күндүн ичинде уруксаат кагаздарын берүү зарылчылыгы тууралуу 7 билдирүү берилген.

Бул багытта иштер улантылууда.

Жерди инвентаризациялоо, жерге жайгаштыруу объектилеринин жайгашкан жерин, алардын чек араларын тактоо, пайдаланылбаган, сарамжалсыз пайдаланылган же жерди уруксатсыз башка максаттарда пайдаланылгандарды аныктоо максатында жүргүзүлөт. Бул жердин башка өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алууга мүмкүндүк берет.