Бишкек шаарынын мэри - Бишкек шаарынын Жарандык коргонуунун башчысы Эмилбек Абдыкадыров тарабынан бекитилген 2023-жылга даярдык планынын алкагында Биринчи май райондук жарандык коргонуу планына ылайык комиссиянын отуруму болуп өттү.
Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Райым Жолдошов, райондун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ички иштер башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, МАБдын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө милдеттер, тапшырмалар, комиссиянын так курамы, жарандык коргонуу күчтөрүн жана каражаттарын даярдоо маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, Биринчи май районунун аймагында “Бишкексуучарба” МИнин базасында командалык-штабдык машыгуунун алкагында кошуун болуп өттү.
Биринчи май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан өзгөчө кырдаал абалындагы жарандык коргонуунун күчтөрү жана каражаттары тактоо иштерин жүргүзүштү.
Урматтуу жарандар! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!