Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын алкагында “Социалдык ипотека” аттуу жаңы багыты иштеп жатат.

Жалпак тил менен айтканда, мамлекеттик ипотекалык насыяны мамлекеттик кызматкерлер гана эмес, ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүнө карабастан, , көп балалуу үй-бүлөлөр (5 же андан көп бала), ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, майыптар  же камкордукка алган жарандар,  толук эмес үй-бүлөлөр, айыл жеринде иштеген жаш адистер да ала алышат.

Электрондук анкетаны «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын (МИК) расмий сайтында тапшырса болот.

Толтурууда кыйынчылыктар жаралса, анда акимчилик жардам берет, бул үчүн жооптуу кызматкер жарандарды ипотекалык насыялоо маселеси боюнча кабыл алат.

Урматтуу жарандар! Толук маалымат МИКтин расмий сайтында: https://gik.kg/ , ошондой эле алар борбордун акимчиликтерине да жардам беришет:

- (0312) 610 663, (0772) 988 901, (0552) 988 901


- Биринчи май акимиаты, дареги: Бишкек ш., Жибек-Жолу №348, тел. (0312) 325484, (0550) 407448 Турак жай бөлүмү;

- Ленин акимиаты, дареги: Чүй проспектиси №315, тел: 0312 656907;

- Октябрь акимиаты, дареги: көч. Байтик Баатыр №17, тел: 0312 576157;

- Свердлов акимиаты, дареги: Чүй проспектиси №28, тел: 0312 531343.