Свердлов районунун акимчилигинин демилгеси жана демөөрчүлөрдүн жана тургундардын колдоосу менен Чүй проспектисинин No26 дарегинде жайгашкан үйдүн фасадын калыбына келтирүү жана жакшыртуу иштери аяктады.
Фасадды калыбына келтирүү, атайын топурак аралашмалары менен иштетип, дубалдарды эки катмар кылып сырдоо иштерин жүргүздүк.
Бул демилгенин алкагында Чүй проспектисиндеги No 48, 105, 44, 117, Абдрахманов көчөсүндөгү № 105/1, 105/2, 105/3, 141, жана Москва көчөсүндөгү No 86 үйлөрдүн фасаддары да жаңыланды.
Иш шаар куруу жана архитектуралык иш-чараларга ылайык жүргүзүлдү.
Борбор калаанын мэриясы шаардын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн бардык камкор жарандарга ыраазычылык билдирет.