Октябрь районун өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү жамааттардын демилгелерин колдоо максатында муниципалдык администрация дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо үчүн өнүктүрүү долбоорлоруна ачык сынак өткөрүп жатат.

Бул максатта жыл сайын Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинен турак жай фондун сактап калуу, турак жайлардын жана жеке имараттардын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн (чатырларды оңдоо, кире бериштери ж.б.) 5 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт.

2023-жылдын 16-майында Октябрь районунда комиссиянын кезектеги отуруму болуп, дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо сынагына катышууга 9 арыз катталып, долбоорлордун жалпы суммасы 7 499 649 сом, гранттык каражаттардын суммасы 4 912 691 сомду, кошумча каржылоонун суммасы 2 586 958 сомду түзөт.

2023-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттарга долбоорлорду кабыл алуу боюнча иштер белгиленген тартипте улантылууда.

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар аркылуу жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоо шарттары жөнүндө маалымат алуу үчүн жуманын иш күндөрүндө тел. 57-66-11 сурап билсе болот.