Ынтымак – 2 сейил багында өткөн «Урааным Манас» жана «Жаш талант -2023» республикалык кароо-сынагына Октябрь районунун жалпы билим берүү уюмдарынан 500 окуучу катышты.
Иш-чаранын максаты – улуттук баалуулуктарды сактоо, патриоттукка тарбиялоо, “Манас” эпосун жайылтуу жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу.
Иш-чара КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругун аткаруунун алкагында өткөрүлдү.