Борбор калаада жашы жете электерди, кароосуз калгандарды, иштеген балдарды жана кайыр сураган балдарды аныктоо боюнча биргелешкен рейддер уланууда.
Биринчи май районунда үч күн бою балдар комиссиясынын, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын, билим берүү борборунун жана МАБдын өкүлдөрүнүн катышуусунда түнкү масштабдуу рейд болду.
Текшерүүдө борбордук «Ала-Тоо» аянты, 10 түнкү клубдар жана интернет клубдар, ошондой эле Байтик-Баатыр көчөсүндө Ахунбаев көчөсүнөн баштап Жибек-Жолуна чейинки жана Манас проспектиси Жибек-Жолунан баштап Ахунбаев көчөсүнө чейинки аралык камтылган.
Алсак, 56 жашы жете элек өспүрүмдүн өздүгү аныкталып, алардын 30у мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген, ошол эле учурда протоколдор түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна 26 баланын өздүгү, түндө көчөдө жүрүү себептери такталганга чейин жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп бергенге чейин жеткирилген.
Урматтуу шаар тургундары! Борбор калаада балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча ишеним телефондору иштейт:
- Биринчи май району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.
Балдарга жардам борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111