Турак жайлар мыйзам бузуулар менен пайдаланылгандыгы аныкталды

Бишкек шаарында Жибек-Жолу проспектисинин боюндагы турак жайды мыйзам бузуу менен пайдаланып жүргөн жаран убактылуу чыгарылды.

Чыгаруу мэрдин орун басары  Нурдан Орунтаев менен Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун катышуусунда өттү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери жеринде иш алып барышты.

Белгилей кетсек, Жибек-Жолу проспектисинин боюнда жайгашкан муниципалдык менчик объектилерин инвентаризациялоодо максаттуу пайдаланылбай (турак жай), велосипед сатуучу жай катары пайдаланылган бөлмө аныкталган. Жалпы аянты 90 чарчы метр.

2009-жылы жаран А.А.Чотбаевге жай  берилип, ага көчүп кирүүгө буйрук берилген, бирок ал бөлмө соода түйүнү катары пайдаланылгандыктан,  ал жерде эч ким жашабайт.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө аталган жай Бишкек шаарынын мэриясына тиешелүү.

https://youtube.com/shorts/wtTL6L7k6xs