Борбор калаанын мэриясы таштанды таштоочу жайдын бир бөлүгүндө пайда болгон түтүндү толугу менен өчүрдү.

12-апрелде волонтерлор да процесске кошулуп, чоң колдоо көрсөтүштү. Бул жаңы технологияларды, атап айтканда, технотация ыкмасын колдонуунун аркасында мүмкүн болду.

Азыр алар полигондун аймагын иретке келтирүүнү улантышууда, ошондой эле полигондун бардык периметрине тосмо курулууда.

ЕРӨБ менен биргеликте ишке ашырылып жаткан “Катуу тиричилик калдыктары системасын башкаруу”  долбоордун алкагында эски полигонду рекультивациялоо жана таштандыларды сорттоодон кийин сактоо үчүн жаңы жай куруу иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, иш КР Президенти С.Жапаров менен борбор калаанын мэри Э.Абдыкадыровдун көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.