18-майда борбор калаада Эл аралык музей күнү белгиленет. Борбор калаанын мэриясы бишкектиктерди жана шаар конокторун шаардык музейлер уюштурган иш-чараларга чакырат.
Саат 9:00дөн 22:00гө чейин И.Раззаковдун үй-музейи (Чуйков көч., 90) Ачык эшиктер күнүн өткөрөт.
Саат 9.00дөн 22.00гө чейин С.Чокморовдун музей-өнөрканасы (Токтогул көчөсү, 170) Ачык эшиктер күнүн өткөрөт.
Саат 9.00дөн 22.00гө чейин Т.Сатылганов атындагы адабият музейине барсаңыздар болот (Токтогул көчөсү, 109).
Саат 15:00дөн 22:00гө чейин О.М.Мануйлованын мемориалдык үй-музейинде (Тыныстанова көч., 108) Данияр Султанов, Сыргак Курманбеков, Урустун уулу Мирзабек Көркөм өнөр академиясынын студенттери менен бирге ылайдан портрет жасоо боюнча мастер-класстарды уюштурушат.
Саат 15:00дөн 22:00гө чейин С.А.Чуйковдун мемориалдык үй-музейинде (Чуйков көч., 87а) сүрөтчү В.Ф.Руппел заманбап искусство боюнча жана Салкынай Адышева макраме жана жип боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт.
Саат 9.00дөн 22.00гө чейин А.Токомбаевдин мемориалдык үй-музейинде (Чуйков көч.) жана Г.Айтиевдин музей-өнөрканасында (Тыныстанов көч., 78) шаар тургундары үчүн иш-чаралар уюштурулат.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сиздерди музейлерди кыдырып, көңүл ачууга чакырабыз.