18-майда саат 9:00дөн 19:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.

Достоевский, Анкара, Ауэзов - темир жол линиясы чектешкен аймакта,  ошондой эле Кара-Жыгач конушунда суу өчүрүлөт.

Анкара көчөсүндөгү суу өткөргүчтү оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.