“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жолдорду оңдоону активдүү улантууда.

Мисалы, Сыдыков көчөсүнүн Калык Акиевден Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү оңдолууда. Буга чейин эски асфальттар алынып, жол бордюрлары орнотулууда. Жолдун бир тарабына жөө адамдар үчүн жолду уюштуруу иштери жүрүүдө.

Кой-Таш чолок көчөсүн бойлой Ахунбаевден Койбагаровго чейинки аралыкта курулуш иштери аяктоо алдында турат. Түтүктөр жана ирригация системасы орнотулуп бүттү. Учурда тротуарларды жана жол бордюрларын орнотуп жатабыз.

Белгилей кетсек, жол тилкесин курууда жарандардын ыңгайлуулугу үчүн 4 тирөөч мамылар жылдырылып, жолдун бөлүгү 6 метрге чейин кеңейтилди.