Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков «Бишкекасфальтсервис», «Бишкекжарык», «Бишкекжашылчарба», «Бишкексуучарба» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын жетекчилери менен жумуштарды аткаруу жана көрктөндүрүү кызматтарын көрсөтүү, муниципалдык тапшырыкты аткаруу боюнча келишимге кол койду.
Алсак, тышкы жарыктандырууларды, ирригациялык системаларды, жолдорду тейлөө жана оңдоо, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, муниципалдык аймактарды жашылдандыруу, тиричилик таштандыларын чыгаруу жаатында келишимдер түзүлдү.
Эскерте кетсек, бул иштер Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 30-апрелиндеги №68 буйругунун негизинде Бишкек шаарынын муниципалдык администрацияларына тапшырыкчылардын функцияларын администрациялык райондоруна өткөрүп берүү боюнча жүргүзүлүүдө.