Көлмө конушунун тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан Илим, Тынчтык жана Максат көчөлөрүндө курулуш иштери бүткөрүлдү.
Илим көчөсүнө Мыскал көчөсүнөн Мидин көчөсүнө чейин жалпы узундугу 200 погондук метрди түзгөн жаңы асфальт төшөлдү. Көчөнүн бул бөлүгүндө жол кырылып, жүрүүчү бөлүктүн негизи даярдалып, люктар оңдолуп, көчөнүн бир тарабына ирригациялык система орнотулуп, асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү.
Ушундай эле иштер Тынчтык көчөсү менен Мыскал көчөсүнөн Мидин көчөсүнө чейин жүргүзүлдү.
Ошондой эле, Максат көчөсүн бойлой Мыскал көчөсүнөн Мидин көчөсүнө чейин жолдун негизи даярдалып, ирригациялык системасы орнотулуп, жамгыр суусун тосуучу торлор, түтүктөр жана люктар, бетон плиталары орнотулуп, асфальт төшөлдү.