“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Абдрахманова жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдама комплексин жылдырып, тротуарды кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө.
Шаар тургундарынын ынгайлуулугу жана унаа тыгындарын алдын алуу максатында жумушчу топ тарабынан эски аялдама комплекси демонтаждалды, жол бордюрлары орнотулуп, жолдун өтүүчү бөлүгү даярдалып асфальт төшөлдү.
Жакынкы арада кеңейтилген тротуарга демөөрчүлөрдүн эсебинен жаңы заманбап аялдама комплекси орнотулат.
Ошондой эле, тротуарды кеңейтүү, бордюрларды орнотуу, пландоо жана асфальт төшөө иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн аймакта эс алуу жайы пайда болот.