Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында социалдык коргоо системасындагы коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында начальниктерди ротациялоо жүргүзүлдү.
Ротация Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгынын жана «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин негизинде өткөрүлдү.