"Ак-Ордо" конушунда тургундардын кайрылуусу боюнча мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин катышуусунда көчмө жыйын өттү.

Жолугуушуда Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору Рыскулбек уулу Талант, Жеке турак жай курулушу жана шаар курулушу департаментинин директору Койчугул Ибраимов жана тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларынын орун басарлары катышышты.

Шаардыктар жер тилкелеринин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлүү маселелерин айтышты.

Ошондой эле буга чейин аталган конуштун жашоочулары социалдык-маданий турмуш-тиричилик объекттерин курууга арналган участокторго курулган үйлөргө байланыштуу маселени кароо өтүнүчү менен кайрылышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында мэрдин орун басары тейлеген кызматтарга айтылган маселелерди белгиленген тартипте чечүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.