Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин социалдык келишимдин негизинде колдоо көрсөтүү жөнүндө токтомун ишке ашыруунун алкагында шаардын мэриясынын жетекчилиги программанын натыйжалуулугуна көзөмөл жүргүзүүдө.

Тандалган бизнес-долбоорлордун ичинен экономикалык иштин түрлөрү боюнча төмөндөгүлөр басымдуулук кылат:

- тигүү өндүрүшү - 49;
- соода чөйрөсүндө - 14;
- негизги ишмердикти өнүктүрүү үчүн-8 (ширетүүчү, тазалоочу, косметикалык кызматтар, чач тарач, такси кызматы);
- нан азыктарын жана тамак-аш азыктарын бышыруу-4;
- мал чарбасы боюнча - 5;
- тейлөө станциялары - 2;
- эт бройлери-1;
- биогумус - 1;
- кир самын өндүрүү - 1;
- пластик терезелерди чыгаруу - 1.

Жолугушууда шаардыктар бул долбоорду ишке ашыруу ишкердик шыктарга ээ болууга жардам берип, бизнес-долбоорлор боюнча иштер жүрүп жатканын айтышып, бизнесин кеңейтүү үчүн кошумча жай бөлүп берүүнү суранышты.

Бул долбоор үй-бүлөлөрдү өздөрүнүн оор турмуштук абалынан чыгуу боюнча активдүү кадамдарга үндөө, социалдык жоопкерчиликти жогорулатуу, чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү максатында иштелип чыккан.