Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбековдун демилгеси менен Свердлов районунун акимиаты Бишкек шаарындагы «Айчүрөк» кыз-келиндер лицейинде Свердлов райондук билим берүү борбору менен биргеликте манасчылардын симпозиумун өткөрдү.

Иш-чарада Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков жана башка төкмө акындар куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Свердлов районунун мектептеринин окуучулары жана бала бакчалардын тарбиялануучулары «Манас» эпосунан театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүшүп, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө райондун башчысы бардык уюштуруучуларга, катышуучуларга ыраазычылык билдирип, өзгөчөлөнгөн мугалимдерге муниципалдык администрациянын Ардак грамоталарын жана Ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Эске салсак, бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин ( «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө», “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыктарын ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.