Майрамдын урматына «Медайымдар жана акушерлер жашыл Кыргызстан үчүн!» урааны менен Ынтымак 2 эс алуу багында көчөттөр отургузулду.
Иш-чара КРнын Саламаттык сактоо министри, Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо башкармалыгы, Бишкек шаарынын, Чүй облусунун мед айымдарынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусунда өттү.
Иш-чаранын алкагында ден соолук жана бакубаттуулука зор салым кошуп жаткан медайымдар күнүнө карата көчөттөр отургузулду. Ар бир көчөт биздин ооруканаларда жана клиникаларда иштеген медициналык кызматкерлерге, анын ичинде медайымдарга болгон ыраазычылыгыбызды жана урматтообузду билдирет.
Апрелден тарта бул иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарында 200дөн ашык бак-дарак: терек жана ясень багы, декоративдик дарактар жана 1000ден ашык гүлдөр отургузулду.
Маалымдама: 1971-жылдан бери Медайымдар Эл аралык кеңеши 12-майды Эл аралык медайымдардын күнү катары расмий түрдө биринчи англиялык медайым Флоренс Найтингейлдин туулган күнүндө белгилеген.
Биздин өлкөдө медайымдардын эл аралык күнү 1996-жылдан бери белгиленип келет. Популярдуулукка ээ болгон бул майрам ар түрдүү профилдеги бардык фельдшердик кызматкерлерди (медайымдар, фельдшерлер, акушерлер жана лаборанттарды) бириктирет.