Билим берүү департаменти Бишкек шаарынын ИИББнын Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте №79 жалпы орто мектептин базасында “Жол кыймылынын жаш инспектору-2023” аттуу кароо-сынак өткөрүлдү.
Сынак окуучуларга жарандык-укуктук тарбия берүү, балдардын жол-транспорттук жаракаттарын алдын алуу, Бишкек шаарынын мектеп окуучуларынын арасында көчөдө жана жолдордо коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча иштерди активдештирүү максатында өткөрүлдү.
Бул мелдешке үстүбүздөгү жылдын апрель айында өткөрүлгөн мелдештин райондук турларында 1-2-орунду ээлеген №1, 54, 32, 67, 55, 79, 26, 91 мектептеринин ЖКЖИнын командалары катышты.
“Жол кыймылынын жаш инспектору-2023” аттуу кароо-сынак сегиз номинацияда өттү:
Сынак: жаш жол кыймылын көзөмөлдөөчү, болочок айдоочу, жол белгилеринин өлкөсү, жол эрежелери боюнча эксперттер, жол кыймылынын жаш инспектору отряддарынын үгүт топторунун көрсөтүүсү, ошондой эле дубал гезиттерге сынак өткөрүлдү.
«Саптык даярдык» көрсөтүүчү программа;
«Жаш жол кыймылын көзөмөлдөөчү»;
«Болочок айдоочу»;
«Жол белгилеринин өлкөсү»;
«Жол эрежелери боюнча эксперттер»;
мектептеги «Милициянын жаш досу» командасы жөнүндө видеороликтер сынагы;
жол кыймылынын жаш инспектору отрядтарынын үгүт топторунун көрсөтүүсү;
дубал гезиттерге сынак.
Сынактын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болушту:
1 орун – № 67 мектеп-гимназиянын командасы;
2 орун – № 26 гимназия-комплексинин командасы;
3 орун - № 79 жалпы орто мектептин командасы;
4 орун – № 54 жалпы орто мектептин командасы.
Командаларга дипломдор, баалуу сыйлыктар үчүн сертификаттар, ошондой эле киного билеттер тапшырылды.
«Жол кыймылынын жаш инспектору» шаардык кароо-сынагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан бекитилген «ЖККМ» сынагы жөнүндө жобонун негизинде өткөрүлөт.
18-майда № 67 мектеп-гимназиянын командасы сынактын республикалык этабында Бишкек шаарынын атынан чыгат.